Социалдык фонд ушул жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандагы пенсиянын орточо өлчөмүн атады. Мекеме башчысы Бактияр Алиевдин айтымында, төлөмдөрдүн орточо суммасы 9 миң 63 сомду түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 миң 364 сомго көп.
Алиев кошумчалагандай, өлкөдө жалпысынан 780 миңден ашуун пенсионер бар.
Ушул жылдын 6 айында пенсиялык фонддун чыгашасы 46 миллиард сомдон ашты.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.