ӨКМ: Сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн экенин эскертти.

 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоосу активдешиши мүмкүн.

 

Мындан улам, жол жүрүүдө этият болуп, коопсуздук чараларын сактоо сунушталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.