Май майрамдарында милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Май майрамдарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 1-майдан 10-майга чейин алар жарандардын коомдук коопсуздугун камсыздайт.

 

Ага ылайык, мекеменин борбордук аппаратында саптык кароо өтүп, кызматкерлердин кийген формасынан тарта, кызмат учурундагы колдонулуучу каражаттары жана өздүк курамдын кызматка даярдыгы текшерилди.