Кыргызстанда автогаз менен камсыздоодо көйгөйлөр болууда

Кыргызстанда автогаз менен камсыздоодо көйгөйлөр болууда. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясы өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май рыногундагы учурдагы абалга комментарий берип жатып билдирди.

 

Ассоциациянын маалыматына караганда, негизги себеп — Россия темир жолундагы темир жол цистерналарынын жетишсиздиги. Экинчи себеп керектөөнүн көбөйүшү болууда.

 

Кошумчалай кетсек, Россиянын түштүгүндө бир катар ири мунай иштетүүчү заводдор дрон чабуулуна кабылган, анын айынан айрым заводдор өз ишин токтотушкан. Бул өндүрүштүн белгилүү бир көлөмүн жоготууга алып келген.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.