Ысык-Көл облусунда үч кичи ГЭС курулат

Ысык-Көл облусунда үч кичи ГЭС курулат. Объектилер Жети-Өгүз районунда жайгашат, — деп Жашыл энергетика фондуна шилтеме келтирип Экономист басылмасы билдирет.

 

ГЭСтердин курулушуна старт берген капсуланы салуу аземи өттү. Станциялардын кубаттуулугу 4төн 6 мегаваттка чейин жетет. Курулуш иштери жакынкы арада башталып, 2025-жылы жыйынтыкталат деп пландалууда.