Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

 

Ведомстводон билдиришкендей, туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

 

Жарандарга сак болуу сунушталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.