Ысык-Көлдөгү пансионаттарды текшерүү комиссиясы ишинин алгачкы жыйынтыгын чыгарды

Ысык-Көлдөгү пансионаттарды текшерүү комиссиясы ишинин алгачкы жыйынтыгын чыгарды.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына караганда, бир жума ичинде 29 мыйзамсыз объект аныкталды.

Эске салсак, адистер 24-январдан бери жеринде иштеп жатышат.

Алар эс алуу жайларын курууда эреже сакталып же сакталбаганын тактап, тазалоочу жайларды да текшеришет.

Жумуш бир айга созулат.

Жыйынтыгында бардык чогултулган материалдар укук коргоо жана сот органдарына өткөрүлүп берилет.