Чолпон-Атадагы «Рух-Ордо» комплексин сел каптап, эки күнгө жабылды

Ысык-Көл облусундагы «Рух-Ордо» комплексин кечээ сел каптады.

 

Натыйжада комплексти баткак басып калган. Жерине барган ӨК министри Бообек Ажикеев каналдын жээктерин бекемдөөнү тапшырды.
Бүгүн-эртең комплекс тазаланып, конокторду кабыл албай турганы кошумчаланды.
Буга чейин синоптиктер Ысык-Көл жана Нарындын тоолуу аймактарында сел кооптуулугу сакталарын эскертип, тоо-ташта эс албай турууга чакырган.