Бишкекте бүгүнтөн тарта коомдук транспорттун тилкесине өтүп кеткен айдоочуларга сайып салынат

Бишкекте бүгүнтөн тарта коомдук транспорттун тилкесине өтүп кеткен айдоочуларга сайып салынат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Айыптын суммасы 1 миң сомду түзөт, ал эми бир айдын ичинде төлөнсө – 300 сом.

 

Эске салсак, Бишкекте коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелер бөлүнүп баштады. Биринчиси Токомбаев көчөсүнүн Байтик Баатырдан Нуркамал Жетишкаевага чейинки тилкесинде пайда болду.