Эски үлгүдөгү ID-карталарды алмаштырууга июль айында 50 миңден ашык арыз түштү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди.
Анын айтымында, ведомство президенттин тапшырмасы менен 1-июлда 2004-жылкы паспортторду биометрикалык өздүк документтерге акысыз алмаштыруу өнөктүгүн жарыялаган.
Кампания 31-августка чейин созулат. Андан кийин паспорт алмаштыруу акысы 600 сомду түзөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.