Баткендин Самаркандек айылында заманбап спорт зал курулууда. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Учурда курулуш иштери 95%га аяктап калды, ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 700 миң сом, Баткен облусунун өнүктүрүү фондунан 5 млн сомдон ашык акча бөлүнгөн.
Объект жакынкы күндөрү пайдаланууга берилери күтүлүүдө.