Кыргызстанда бүгүн жогорку окуу жайларга кабыл алуунун акыркы туру башталды.
Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Каттоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 14-августка чейин жүргүзүлөт.
Белгилеп кетсек, жогорку окуу жайларга учурга карата жалпы 24 миң 797 абитуриент кабыл алынды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.