Бишкектин чыгыш бөлүгүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үй өрттөндү. Кырсыктын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.
Тилсиз жоо болжол менен Анкара көчөсүндөгү “Аалам Сити” комплекси экени айтылууда.
ӨКМден Анкара көчөсү, 5 дарегинде жайгашкан жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгын тастыктады.
Жеринде төрт эсеп жалын менен күрөшүп жатканы кошумчаланды.