Кыргызстанда кечээ кечинде катталган жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок

Кыргызстанда кечээ кечинде катталган жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен зилзала кечки саат 9дан 5 мүнөт өткөндө катталды.

 

Чүй облусунда ал 3 балл, Бишкек жана ордо калаага жакын айылдарда 2,5 балл болуп сезилди.