Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун сел жууп кеткен тилкелерин калыбына келтирүү иштери уланууда

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун сел жууп кеткен тилкелерин калыбына келтирүү иштери уланууда. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел жолдун 25-71-чакырымдарын каптаган.

 

Ушул эле жолду айланып өтүүчү 32-чакырымынан баштап 4 жерден 500 метр ашык жолду сел жууп кеткен.

 

Андан тышкары, курулуп жаткан долбоордун 37-чакырымындагы жол жээги селдин кесепетинен бузулган. Жеринде аткаруучу компания калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө.