Парижде өткөн олимпиада учурунда Кыргызстанда төрөлгөн 90 ымыркайга медалга ээ болгон спортчулардын ысымдары коюлду

Парижде өткөн олимпиада учурунда Кыргызстанда төрөлгөн 90 ымыркайга медалга ээ болгон спортчулардын ысымдары коюлду. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 37 балага Акжол аты коюлса, 15 кыз Айсулуу деген ысымды алышты.

 

Дагы 14 кызга Мээрим, 12 балага Жоламан, 9 кызга Айпери жана  1 ымыркайга Мунарбек деген ысымдар коюлду.

 

Белгилеп кетсек, соңку жылдары Кыргызстанда мусулман аттар популярдуу болууда. Алардын арасында Салиха жана Мухаммад деген ысымдар көп коюлат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.