Бишкек ЖЭБиндеги авариядан улам жылуулуксуз жана ысык суусуз калган керектөөчүлөргө кайра эсептөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Эске салсак, жылуулук-энерго борбордо чыккан кырсыктын себеби тактала элек. Объектти калыбына келтирүү иштери уланууда. Учурга карата 8 миң чарчы метр чатыр оңдолду. Ошондой эле имараттын конструкциясы бекемделди. Авариянын материалдык зыянын тактоо уланууда.