Швейцариянын Женева шаары быйыл жашоо үчүн эң кымбат калаа деп аталды

Швейцариянын Женева шаары быйыл жашоо үчүн эң кымбат калаа деп аталды. Экинчи орунда Цюрих жайгашса, үчүнчү орунду Нью-Йорк, Сан-Франциско жана Бостон шаарлары бөлүшөт.

 

Ошондой эле эң кымбат калаалар рейтингине Рейкьявик, Вашингтон, Сиэтл, Лос-Анжелес жана Чикаго кирди. Жалпысынан тизмеде 218 шаар бар. Аны түзүүдө азык-түлүк товарларынын, ресторандардын, транспорт жана коммуналдык кызматтардын баасы эске алынды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.