WhatsApp жаңы функция тууралуу жарыялады – файлдарды кайра жөнөтүүдө текстти редакциялоо мүмкүнчүлүгү. Бул опция учурда тиркеменин бета-версиясында жеткиликтүү.
Колдонуучулар видео, сүрөт, документтерди же гиф-файлдарды жөнөтүүдө текстти өз каалоосу менен өзгөртө алат. Бул файлдар туура эмес аталып калган учурларда ыңгайлуу.
Жаңычылдык бардык колдонуучуларга жакынкы арада жеткиликтүү болот.