Дүйнөдөгү эң күчтүү паспорт – Испания жарандарында

Дүйнөдөгү эң күчтүү паспорт – Испания жарандарында. Испан тургундары  паспорту менен 160 өлкөгө визасыз бара алышат. Визалар боюнча маалыматтык сайт түзгөн рейтингге ылайык, Испания биринчи орундан  экинчиге Сингапурду жылдырды.

 

Германия үчүнчү орунда, андан кийин Италия, Франция жана Нидерланды турат. Кыргызстан бул рейтингде 131-позицияны ээлейт.

 

Биздин жарандар 151 өлкөгө баруу үчүн виза алышы керек болсо, 28 мамлекет менен визасыз режим киргизилген. Жалпысынан тизмеде 180 өлкө бар.