Бишкекте жаӊы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн 850 чарчы метр аянты өрттөндү

12-августта Бишкек шаарынын Октябрь районунун Анкара көчөсү 5 дарегиндеги “Аалам строй” курулуш компаниясы салып жаткан көп кабаттуу үйдүн 13-кабатынан өрт чыккан.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлагандай, өрт жалпы 850 чарчы метр аянтты каптап, аны өчүрүүгө ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынан сегиз өрт өчүрүүчү автоунаа, анын ичинде 54 метрлик эки автошаты тартылган. Тилсиз жоо 13-августка караган түнү толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок. Өрттүн чыгуу себептери такталууда.

 

Өрттөн 1500 чарчы метр аянт сакталып калган жана кырсык болгон имаратка жакын жайгашкан 9 кабаттуу эки турак жайдын тургундары коопсуз жерге көчүрүлгөн.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда былтыр баш-аягы 3 497 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болгон. 31 киши жаракат алган. Тилсиз жоо 1 млрд 410 млн 377 миң сом материалдык зыян алып келген.