Кыргызстанда бала бакча ачуу үчүн талап кылынган аккредитация бүгүн, 1-марттан тарта жокко чыгарылат

Кыргызстанда бала бакча ачуу үчүн талап кылынган аккредитация бүгүн,   1-марттан тарта жокко чыгарылат. Бул тууралуу билим берүү министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев билдирди.

 

Мыйзам долбоор бала бакчаларды, жеке мектептерди ачуудагы бюрократиялык көрүнүштөрдү жоюу жана талаптарды жеңилдетүү, мугалимдердин кагаз иштерин азайтуу, билим берүү деңгээлин баалай турган ыкмаларды иштеп чыгууга багытталган.

 

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 1 миң 712 бала бакча бар, аларда тарбияланып жаткан бөбөктөр  199 миңдин тегерегинде.