Бишкекте бүгүнтөн тарта Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат.
Мэриядан такташкандай, кеп анын Горький – Ахунбаев тилкеси тууралуу болуп жатат. Буга байланыштуу №175, 212 жана 215-автобус каттамдарынын жүрүү схемасы убактылуу өзгөртүлдү.
Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.