Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12,2 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 14-августка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд 209 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 622 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 439 куб метрди түзүүдө.