Евразиялык өнүктүрүү банкы “Куланак” ГЭСинин курулушун каржылайт.
Объект буга чейин айтылгандай, Нарын дарыясында курулат. Анын жылдык электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугу 400 миллион киловатт-саатка жетет.
Долбоорду ишке ашыруунун баасы дээрлик 118 миллион долларды түзөт. ГЭСтин ишке кириши менен Кыргызстандын Борбордук Азиядагы позициясын бекемдеп, аймактагы энергетиканын жетишсиздигин кыскартууга мүмкүнчүлүк берет.