Кийинки жумадан тарта Нарын шаарында электробустар каттамга чыгат. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн айдоочуларга унаалардын ачкычтары тапшырылды жана алар 19-августтан баштап эл ташый баштайт.
Эске салсак, Нарын шаарына 7 жылдык насыя менен 5 электробус сатып алынган. Ар бири 37 орундуу транспортко жалпысынан 66 млн сом сарпталган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.