Соцкелишим: 1 миң 200дөн ашык жаңы өндүрүш объекттери ачылды

Социалдык келишим долбоорунун алкагында Кыргызстанда 1 миң 200дөн ашык жаңы өндүрүш объекттери ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

 

Быйылкы жылы мамлекет менен келишим түзгөн 10 миңге жакын аз камсыз үй-бүлөнүн дээрлик 13 пайызы чакан ишкерлик ачкан. Тагыраагы, мамлекеттен берилген 100 миң сомго тигүү цехтери, темир-бетон буюмдарын, жыгач устачылык, самын жасоочу цехтер ишке кирип, кичи тегирмен иштетилип, кургатылган жемиш, курут, балмуздак жасап башташты.