“Кичи, чакан жана орто ишканаларды ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында 10 миң 425 ишкерге пайызсыз насыя берилди.
Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, берилген сумманын жалпы көлөмү 7 миллиард 412 миллион сомду түзөт.
Белгилеп кетсек, долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.