Улуттук банк жыл башынан берки эң ири интервенцияны жасады

Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыгып, 62 миллион доллардан ашык сатты. Бул азырынча быйылкы жылдын эң ири интервенциясы.

 

Өлкөнүн башкы каржы мекемеси жыл башынан бери ушуну менен тогузунчу жолу интервенция жасады. Улуттук валютаны колдоо үчүн бул аралыкта жалпысынан 456 миллион 640 миң доллар сатылды.

 

Белгилеп кетсек, интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.