Ысык-Көлдө селдин кесепетин жоюуга 1 миңден ашык адам тартылды

Ысык-Көл районунда учурда селдин кесепетин жоюу иштерин улантууга   1 миңден ашык адам, 77 атайын техника тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен ведомстводон  385 куткаруучу,  7 инженердик техника, 8 мотопомпа иштеп жатат.

 

Андан тышкары, Жарандык коргонуу кызматтарынан 363 кызматкер жана 50 инженердик техника, Садыр-Аке айыл аймагынан 300 ыктыярчы, жолчулар иш алып барууда.