Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт-2” көзөмөл-өткөрүү бекети жаңыланды

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт-2” көзөмөл-өткөрүү бекети жаңыланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

 

Жаңыланган бекетте алты кыймыл тилкеси бар, жабык ангарлар орнотулган. Бул жайда бир учурда алты автоунааны бажы көзөмөлүнөн өткөрүүгө болот. Учурда ал аймактагы эски имараттардын ордуна кошумча машине токтотуучу жайларды ачып, өткөрүү бекетинин аймагында каттам үчүн шарт түзүлүп жатат.

 

“Торугарт” бекети суткасына 150 унаа өткөрүүгө ыңгайлашса, учурда бул жерден 300дөн ашуун автоунаа өтөт.