Бишкекке Кытайдан келген жаңы автобустар 1-сентябрда каттамдарга чыгат

Бишкекке Кытайдан келген жаңы автобустар 1-сентябрда каттамдарга чыгат. Бул тууралуу Экономист басылмасына мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, ордо калаанын автотранспорттук ишканасы 200 автобус менен толукталган.

 

Алар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ташууга ылайыкталып, видео байкоо камералары менен камсыздалган.

 

Андан тышкары, коомдук транспортто накталай эмес төлөмдү кабыл алуу үчүн валидаторлор орнотулган.  Эске салсак, мамлекеттик бюджеттин эсебинен Кытайдан 1 миң автобус сатып алуу пландалган. Жыл аягына чейин өлкөгө дагы 300дөй транспорт келет деп күтүлүүдө.