Кеминде мамлекетке кайтарылган 353,3 гектар жерге ипотекалык үйлөр курулат

Чүй облусунун Кемин районунда мамлекетке кайтарылган 350 гектардан ашык жерге ипотекалык үйлөр курулат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

 

Анын айтымында, турак жайлар 9 кабаттан болот жана ал жер Кемин шаары деп аталат. Мында болжол менен 100 миңден ашык үй-бүлөгө батирлер берилет.

 

Мамлекеттик ипотекалык компания курулуш иштерин 2025-жылдын жаз айларында баштайт. Турак жайларды 20-25 жылдык мөөнөткө ипотекага алса болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.