Электрондук товар-транспорттук коштомо кагаздарды колдонбогон ишкерлерге айып салуу 2024-жылдын 1-январына чейин жылдырылды

Электрондук товар-транспорттук коштомо кагаздарды колдонбогон ишкерлерге айып салуу 2024-жылдын 1-январына чейин жылдырылды. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов билдирди.

 

Ал белгилегендей, ошону менен бирге электрондук коштомо кагаздарды колдонуу боюнча талаптарды бузгандар үчүн айыптын көлөмүн дагы азайтуу пландалууда.

 

Алсак, биринчи жолкусунда ишкерге эскертүү гана берилет. Экинчи ирет бузуу аныкталса, физикалык жактар 3 миң сомго, юридикалык тараптар 13 миң сом айыпка тартылат. Андан кийин дагы кайталанса, айып 28 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.