Кыргызстанда Бишкек турак жай куруу үчүн эң кымбат жер

Кыргызстанда Бишкек турак жай куруу үчүн эң кымбат жер. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, ордо калаада курулган жеке үйдүн бир чарчы метри орто эсеп менен 31 миң сом турат.

 

Ал эми Баткен жана Нарын облусунда турак жай куруу республика боюнча эң арзан – чарчы метри 15 миң сом.

 

Бул Бишкекке караганда болжол менен эки эсе арзан, деп белгиледи Улуттук статистикалык комитет.