Бишкекте жолдун дагы бир бөлүгү жабылат.
Мэриянын маалыматына караганда, Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде жер астындагы суу түтүгүнүн жарылып кеткени аныкталган. Буга байланыштуу аталган тилкеде бүгүнтөн тарта 24-августка чейин кемчиликти жоюу иштери жүргүзүлөт.
Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.