Оштогу №177 көчө капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы №177 көчө капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, мында жол четине жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жасалган. Андан сырткары суу өтүүчү ирригациялык системасы жакшырып, лотоктор жана түнкү жарыктандыруу орнотулган.

 

Бул көчө шаар аймагынан Фуркат айылына чыккан айланма жол болуп, Ош – Бишкек, Ош – Сары-Таш – Эркечтам эл аралык трассасын байланыштырат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.