Быйыл кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат

Кыргызстан быйылкы кышта электр менен жылытууга толук тыюу салууну пландоодо. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди.

 

Анын айтымында, мындай чара өлкөнүн негизги ГЭСтерине суунун аз агып келиши жана электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу.

 

Чиновник ишендиргендей, жарыкты өчүрүүлөр болбойт, ар бир үй өз алдынча электр лимитин алат, бул тиричилик муктаждыктарына жана электр шаймандарына жетет.