Tunduk тиркемесине жеке ишкердин санариптик күбөлүгү киргизилди

Tunduk мобилдик тиркемесине жеке ишкердин санариптик күбөлүгү киргизилди. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, ишкердин күбөлүгү анын статусун тастыктоо менен бирге, каттоо маалыматтарын камтыйт.

 

Документ банк эсебин ачууда, отчетторду берүүдө, келишимдерди түзүүдө жана башка ар кандай учурларда талап кылынышы мүмкүн. Ал эми Tunduk тиркемесиндеги бардык санариптик документтер юридикалык күчкө ээ.