Мектептерде 5 баллдык баалоо системасы өзгөрүүсүз калат

Кыргызстанда окутуунун 12 жылдык компонентине өтүүдө 5 баллдык баалоо системасы сакталып калат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

 

“Министрлик Кыргыз Билим берүү академиясынын сайтында жарыяланган маалымат айрым эксперттердин жеке пикири экенин жана билим берүү жана илим министрлигинин расмий позициясын чагылдырбасын белгилейт”, – деп айтылат билдирүүдө.

 

Буга чейин 12 жылдык билим берүү системасынын алкагында мурдагыдай 5 баллдык шкаладагы баалоону эмес, 10 баллдык баалоо система колдонула баштай турганы боюнча маалымат тараган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.