Колледждерге тандоонун I турунда 30,5 миңден ашуун арыз катталды

Орто кесиптик окуу жайларына тандоонун биринчи турунда 30 миң 531 абитуриенттин арызы катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-июлдан 20-июлга чейин созулган биринчи турда эң көп өтүнмөлөр Бишкек медициналык колледжине – 1 миң 597, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжине – 1 миң 198, Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжине – 1 миң 49 түшкөн.

 

2023-2024-окуу жылына карата орто кесиптик окуу жайларына тандоо онлайн түрүндө «Абитуриент» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт. Абитуриенттер колледждин жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.

 

Тандоонун экинчи туруна арыздар 28-июлдан 7-августка чейин, үчүнчү турга 14-августтан 24-августка чейин кабыл алынат.