Ошто балдар үчүн жайкы лагерлер ачылды

Ош шаарында балдар үчүн бир катар жайкы лагерлер ачылды. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан жаштардын интеллектуалдык-инновациялык борборунда, Т.Сатылганов атындагы сейил багы, “Сулайман-Тоо” музейи, шаардын спорттук аянтчаларында жана “Дельфин” бассейининде 13-15 жаштагы беш жүз балага ылайык жайкы лагерь жана ийримдер уюштурулууда.

 

Жайкы каникулда балдардын убактыларын пайдалуу өткөрүү максатында кызыктуу программалар даярдалган. Анын алкагында балдар эс алуу учурунда маданий иш-чараларга катышып, ар кандай чеберчиликтер боюнча ийримдерде сабак өтүшөт. Ошондой эле спорттун ар кандай түрлөрү боюнча мелдештерге жана башка көптөгөн кызыктуу оюндарга катышышат.

 

Балдар 11 топко (ар биринде 45 бала) бөлүнүп, беш күн бою эс алышат. Лагерге кабыл алуу 25-августка чейин уланат. Сурап билүү номери: 996 771 010 398.