Бишкектин Новопавловка айыл аймагында жаңы гүлбакча пайда болот

Бишкектин Новопавловка айыл аймагында жаңы гүлбакча пайда болот. Мэрия маалыматына ылайык, курулушка 29 миллион сом бөлүнгөн. Эс алуу аймагы Фрунзе көчөсүндө орун алып, жалпы аянты 10 миң чарчы метрди түзөт.

 

Белгилеп кетсек, Новопавловка айылы Бишкекке кошулгандыктан, анын кире беришине жаңы стелла тургузулат, учурда эскиздик долбоору даярдалды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.