Кыргызстанда маркумдардын cөөгүн өрттөөгө уруксат берилди

Кыргызстанда жаңы кабыл алынган “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамынын негизинде каза болгон адамдардын cөөгүн атайын крематорийлерде өрттөөгө (кремация кылууга) уруксат берилди. Бул тууралуу аталган мыйзамдын автору, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бишкектеги басма сөз жыйынында документти чечмелеп жатып айтты.

 

Мыйзамды Жогорку Кеңеш былтыр 28-декабрда кабыл алып, президент Садыр Жапаров быйыл 24-февралда кол койгон. Документте маркумду акыркы сапарга узатуу, сөөгүн коюну тескеген бир катар чаралар жазылган.

 

Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, адам өзү сөөгүн өрттөө жолу менен акыркы сапарга кетүүнү чечип, керээз калтырган маалда, киши абакта каза болуп, жубайы, жакын туугандары же башка туугандары болбогон маалда жана тек-жайы аныкталбаган сөөктөрдү кремацияга уруксат берилет. Мындан сырткары өзгөчө кооптуу инфекциялык оорулардын жайылуусунун алдын алуу максатында карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялардан, түшүнүксүз этиологиядагы инфекциядан каза болгон маркумдардын сөөгүн өрттөөгө болот.

 

Сөөктү жайга коюунун тигил же бул ырым-жырымын сактоо менен маркумдардын денелерин отко берүүнү (кремациялоо) атайын адистештирилген кызматтар – крематорийлер аткарат. Алар сөөктөрдү өрттөп, күлүн жерге көмөт. Крематорийлер атайын бөлүнгөн жерлерге курулуп, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Чарбачыл субъекттер, жеке тараптар да крематорий ача алат.

Кыргызстанда өрттөө – кремация жолу менен сөөктөрдү жерге берүү маселеси көп жылдан бери талкууланып, расмий уруксат берилген эмес. Буга диний жана башка нерселер себеп болгон.

 

Крематорийлердин жоктугунан улам өлкөдө ар кандай жугуштуу ооруларга кабылган жандыктар да өрттөлбөй, жерге көмүлүп келген. Бул айрым жерлерде кайрадан ооруну таратуу коркунучун жаратып турган.