Кыргызстан мектептеринде 1 миң 335 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Эң көп бош вакансия Бишкекте – 493, андан кийин Чүй облусу турат – 292, Баткенде 137 мугалим жетишпейт, Жалал-Абад, Ысык-Көлдө 110дон адис тартыш.
Математика, информатика, физика, орус жана англис тилдери сабактарынан берген мугалимдерге суроо-талап жогору.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.