Өлкө мектептеринде аттестат тапшыруу аземи ушул айдын экинчи жарымында өтөт

Өлкө мектептеринде аттестат тапшыруу аземи ушул айдын экинчи жарымында өтөт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 21-июнда документтерди 9-класстын окуучулары алса, 23-июнда 11-классты бүтүрүп жаткандарга тапшырылат.

 

Андан кийин жогорку окуу жайларга кабыл алуу кампаниясы старт алат. Эске салсак, быйыл мектепти 69 миң окуучу аяктап жатат.

 

Ал эми 9-классты аяктап жаткандардын саны 100 миңден ашык.