Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Садыр-Аке айыл аймагына 307 адам жана 58 атайын техника, 1 өрт өчүрүүчү унаа тартылды.

 

Ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан Корумду, Кашат жана Темир айылдарында сел каптаган үйлөргө дезинфекциялоо жүргүзүлдү.

 

Эске салсак,  18-августта Ысык-Көл облусунда катуу сел жүрүп, 3 райондо өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Сел 380 үйдү, 11 дүкөндү, беш пансионатты каптаган.

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.