Жаныбек Керималиев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин сунушунун негизинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Белгилеп кетсек, Жаныбек Керималиев буга чейин Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун директору кызматын аркалап келген.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.