Португалия курамасынын форварды Криштиану Роналду Гиннес рекорддор китебине катталды

Португалия курамасынын форварды Криштиану Роналду Гиннес рекорддор китебине катталды. Анын Youtube-каналы дүйнөлүк рекорд жаратты. Канал түзүлгөндөн кийин 2 саатта эле ага 1 миллион адам, ал эми бир күндө 20 миллион адам катталды.

 

Муну менен Роналду аккаунтуна бир сутка ичинде 19 миллион 729 миң 287 катталуучуну тарткан жалгыз адам болуп калды.

 

Футболчунун жеке эсебинде бул  41-рекорд болуп эсептелет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.