Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде 96-орунду ээледи

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде 96-орунду ээледи. Жаңыланган тизме бүгүн жарыяланды. Биздин кураманын эсебинде 1 миң 225 упай бар.

 

Отчеттук мезгилде команда “Үч өлкө кубогу” достук турниринин алкагында 2 беттеш өткөргөн. Биринчи жолугушууда кыргызстандыктар Индияга утулуп калса, экинчисинде Мьянма менен теңме-тең ойноду.